Аукциондо 60 млн сомго мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу пландалууда

29 сентября 2021, 09:35

Ушул жылдын 30-сентябрында жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт, деп билдирди Улуттук банк.

Аукциондо 60 миллион сомго 12 айлык баалуу кагаздарды жайгаштыруу пландалууда.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик казына векселдери аркылуу Кыргызстандын ички карызы 447 миллион сомго бааланганын кошумчалайбыз.