Аукционго 300 млн сомдук мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу пландалууда
Улуттук банк 31-мартта жүгүртүү мөөнөтү эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт.
Эмиссиянын жалпы суммасы 300 миллион сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2 жылдык МКОнун купондук ставкасы 5% өлчөмүндө белгиленген.