2,1 млн сомдук саламаттык сактоо мекемеси мэриянын балансына өткөрүлүп берилди

10 июня 2021, 15:50

Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасынын стерилдөө бөлүмүнүн имаратын баланстык наркы 2,1 млн сом менен жеке колго мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүдө Кара-Балта шаардык өкмөтүнүн чечими менен Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасынын жалпы аянты 224,20 чарчы метрди түзгөн стерилдөө бөлүмүнүн имараты жеке менчикке мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Соттук отурумдардын жыйынтыгы боюнча шаардык бийликтин чечимдерин жараксыз деп табуу боюнча прокуратуранын доо арызы толугу менен канааттандырылды.