«Кыргызнефтегаздын» акциялары жарым млн сомдон ашык каражатка сатылды

6 марта 2024, 10:02

Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда “Кыргызнефтегаз” ишканасынын акциялары сатылды. 

Жалпысынан алты операция ишке ашырылган. Натыйжада компаниянын 2 миң 352 акциясы сатылган. Сооданын жалпы суммасы 634,5 миң сомду түздү. Акциялар 270 сомдон 250 сомго чейинки баада сатылды. 

Буга чейин “Кыргызнефтегаздын” акциялары менен бүтүмдөр 31-январда катталган.  Анда баалуу кагаздардын баасы 250 сомду түзгөн.