«Электр станцияларынын» 2,2 млрд акциясы сатылды

20 марта 2024, 16:20

Бүгүн, 20-мартта Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен ири бүтүм катталды. 

Сооданын жыйынтыгында 2 миллиард 179 миллион 710 миң 232 акция 10 миллиард сомго сатылды. Акциянын баасы 4,58777 сомду түздү.

Белгилеп кетсек, акциялар биринчи рынокто сатылган, демек компания өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүүнү пландаштырууда.