Бишкектин паркын көрктөндүрүү үчүн 19 млн сомдон ашык каражат жумшалат

19 октября 2022, 09:41

Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаарындагы Жаштар паркын жана Элебесов көчөсүндөгү скверди көрктөндүрүү боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 23 миллион 190 миң сомду түзөт.

Маалыматка ылайык, 19,7 миллиону паркты көрктөндүрүүгө жумшалса, калган 4,3 миллион сом скверди иретке келтирүүгө жумшалат.