Борбордук Азиянын жалпы тышкы соодасынын 30%дан ашыгы ЕБге туура келет

8 ноября 2021, 12:46

Борбордук Азиянын жалпы тышкы соодасынын 30%дан ашыгы Европа Биримдигине туура келет. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 5-октябрда Бишкекте өткөн “ЕБ – Борбордук Азия” экономикалык форумунда билдирди.

Казак өкмөтүнүн башчысы өз сөзүндө Европа Биримдиги Борбордук Азия чөлкөмүнүн эң маанилүү жана туруктуу экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

"Акыркы 10 жылда эле Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Борбор Азия өлкөлөрүнө 105 миллиард евродон ашык инвестиция салышты, бул аймакка келген тике чет элдик инвестициянын жалпы көлөмүнүн 40% ашат", - деди Аскар Мамин.