Жерүйдө 35 миң тонна кен казылып алынды

5 февраля 2020, 16:45

«Жерүй» алтын кенинде 2019-жылдын ноябрь айы - 2020-жылдын январь айы аралыгында 35 миң тонна кен казылып алынды. Бул тууралуу «Альянс Алтын»  ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди. 

«1 тонна кенде орточо 1,85 грамм алтын бар», - деп жазылат маалыматта. 

Учурда Жерүйдө курулуш-монтаж иштери аягына чыкты.

Алдыда Жерүйдө жасала турчу иштер: 

- Металлоконстркуциянын монтажы, алтын бөлүп алуучу фабриканын башкы корпусун жана тегерек-четин тосуу, майдаланган рудалардын кампасы;

- Негизги техникалык жабдууну орнотуу, цехтерге түтүктүрдү туташтыруу;

- Борбордук жабдуу-аналитикалык лаборатриясы менен административдик-тиричилик комплекси (ичи жасалгаланууда);

- Трансформатордук үч подстанцияны камтыган өнөр-жай аянтчасындагы инженердик тармактарды, өндүрүш жана өрткө каршы суу камсыздоо системасы жана жылытуу менен канализациялык түтүктөрдү (80 пайызга даяр) орнотуу;

- Уулуу калдыктар сактала турчу жерди даярдоо (95 пайызга даяр).

Бардык иштер график боюнча жүрүп жатат.