Түштүк Кореядагы ЭКСПОдо Кыргызстандын күнү белгиленди

7 октября 2021, 15:30

Түштүк Кореянын Хамян шаарындагы ЭКСПОдо Кыргызстандын күнү белгиленди, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын элчилиги өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана органикалык продукциялар тууралуу айтып бергени белгилүү болду.

Элчи Динара Кемелова эки өлкөнүн элдерин жакындатууга багытталган биргелешкен саамалыктарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Хамян шаарынын мэри Со Чун Су, Хамяндын тармактык агенттиктери менен мекемеле өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-корей тегерек столу өткөрүлүп, анда тараптар Кыргызстандын шаарлары менен боордоштук мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.