Бишкекте “Евразиялык жумалык” форуму өтөт

13 сентября 2019, 12:00

Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин “Евразиялык жумалык” эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу КР экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров маалымат жыйында билдирди. 

Форум мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында 25-27-сентябрь күндөрү өтөт.
IV эл аралык форумдун күн тартибине Бирикме тууралуу келишимдин беш жылдыгы, өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүү, интеграциянын жаңы бутактарын аныктоо жана жаңы бизнес-аянтчаларды түзүү маселелерин талкулоо кирет. Форумда 20дан ашуун аянтчаларды уюштуруу пландалууда”, - дейт Алишеров.

Евразиялык жумалыкта негизги орунду айыл чарба жана тамак өнөр-жайга арналган көргөзмө ээлейт.

Көргөзмөгө катышууга бир гана тажрыйбасы чоң ишкерлер эмес, жаңы ишмердүүлүк менен алектенип баштаган компаниялар да чакырылат. Бул форум төртүнчү ирет өткөрүлүүдө. Иш-чара өзүн ЕАЭБ өлкөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугу, маморгандары жана эксперттери үчүн бизнес жаатындагы маселелерди талкуулоо үчүн эркин аянтча катары жакшы көрсөткөн”, - дейт Алишеров.

Ал эми Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Нурлан Арипов белгилегендей, форумдун популярдуулугу эл аралык ишкерлердин арасында өсүүдө. “Иш-чарага чет элдик бизнесмендер, жада калса Африка өлкөлөрүнүн бизнесмендери кызыгууда. Форум - бул тажрыйба менен бөлүшүү жана бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн мыкты аянтча”, - дейт Арипов.

Маалымат жыйындын катышуучулары билдиргендей, форумга катышуу акысыз. Ал үчүн иш-чаранын расмий сайтына (www.eurasianweek.org.) катталуу керек.