Евразиялык экономикалык форумда Баткен облусунун бизнес үчүн артыкчылыктары талкууланды

26 мая 2022, 10:56

Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң либералдуу салык режимине ээ. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык форумдун “ЕАЭБдеги өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары” панелдик талкуусунда сүйлөп жатып, Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшан Сабиров билдирди.

Мындан тышкары, сессиянын катышуучуларына Баткен облусунда бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

“Сиздердин көңүлүңүздөрдү бул аймакта иштеп жаткан салык режими сыяктуу өзгөчө режимдерге бургум келет. Алсак, региондо сатуудан алынуучу салык, киреше салыгы, жер салыгы жана кыймылсыз мүлк салыгы, өнөр жай, экспортко багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизүүдө беш жылдык мөөнөткө жана 10 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен алып салынды”, — деди Сабиров.

Ал ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ролун белгиледи. Анын айтымында, ушул тапта жалпы суммасы 1 млрд долларды түзгөн 55 МЖӨ долбоорун ишке киргизүү пландалууда.