Энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом каралды

20 апреля 2023, 09:54

Быйыл энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом каралган, анын ичинен бюджеттик каражаттар 21,9 млрд сом, атайын эсептин каражаттары 26,4 млрд сом жана мамлекеттик инвестициялар 9,1 млрд сом, - деп билдиришти Каржы министрлигинен.

"Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,5 млрд сом каралган. 2023-жылдын 1 апрелине карата 800,9 млн сом (51,0%) бөлүндү.

Мамлекеттик бюджеттен (МБ) 2023-жылга жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясынын чыгымдарын жабуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 1,2 млрд сом каралган. 2023-жылдын 1 апрелине карата 486,2 млн сому (42,0%) каржыланды.

2023-жылга бюджеттик кредиттер 4,7 млрд сом өлчөмүндө каралып, учурда 255 млн сом бөлүндү, анын ичинен: 

  • "Электр станциялары" ААК менен - 3 млрд сомго долбоор макулдашылды;
  • "Чакан ГЭС" ААКсы менен Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом каралган.
  • Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун долбоорлоо-изилдөө иштери менен даярдык мезгилиндеги объекттерди куруу боюнча планын ишке ашыруу үчүн "Электр станциялары" ААКнын бюджеттик насыясы 1,6 млрд.