Март айында пенсияны каржылоого дээрлик 6 млрд сом бөлүнгөн

4 мая 2023, 15:21

Кыргызстанда январь-апрель айларында Социалдык фонд пенсияларды төлөөгө 23 миллиард 640,3 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

2023-жылдын апрель айына карата пенсияларды каржылоо 5 миллиард 966,4 миллион сомду түздү.

Каражаттын көбү Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундарына пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө кеткен.