Президент: Сот системасын каржылоого 2 млрд сом каражат бөлүнөт

10 декабря 2019, 13:17

Сот системасын каржылоого 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу президент  Сооронбай Жээнбеков КР президенти алдындагы Соттук реформа боюнча кеңешинин үчүнчү жыйынында билдирди. 

Президенттин айтымында, сот системасын жакшыртууга мамлекеттик бюджеттен каржыланат. 2018-жылы 1.6 млрд сом бөлүнсө, 2019-жылы 1 млрд 154 млн сом бөлүнгөн. Ал эми  2020-жылы  2 млрд 193 млн сом бөлүнөөрү күтүлүүдө.