Биржада «Элесинвест» компаниясынын 21% акциясы сатылды

23 февраля 2023, 08:25

Кечээ, 22-февралда Кыргыз фондулук биржасынын системасында "Элесинвест" ЖАКтын жөнөкөй акциялары менен эки бүтүм катталды. Маалымат аукциондун жыйынтыгы бөлүмүндө жеткиликтүү.

Алар биржанын экинчи рыногунда өткөрүлдү. Жалпысынан 42 миң 254 даана баалуу кагаздар бир акцияга 3 сомдон сатылган. Натыйжада акционерлер 126 миң 762 сом алышкан.

Ачык булактарга ылайык, "Элесинвесттин" жүгүртүүдө 200 миң акциясы бар жана аларды жайгаштыруудагы баасы бир нускасы 5 сомду түзгөн. Муну менен эки транзакциянын жыйынтыгында компаниянын 21% акциясы жайгаштыруу баасынан 40% төмөн баада сатылган.

Белгилүү болгондой, компания 2017-жылдын май айында кайра каттоодон өткөн, жеке менчик жана баалуу кагаздарды башкарууга адистешкен.