Биржада «АБН» микрофинансылык компаниясынын дээрлик 13% акциясы сатылды

5 июля 2022, 10:33

«АБН» микрофинансылык компаниясынын 12,92% акциясы экинчилик рынокто сатылды. Маалымат Кыргыз фондулук биржасында жарыяланды.

Ошентип, биржада компаниянын 18 миллион 711 миң 967 жөнөкөй акциясын сатуу боюнча бир акциянын баасы 1,3842 сомдон болгон бүтүм катталды. Бүтүмдүн жалпы суммасы 25 миллион 901,1 миң сомду түзөт. Акцияларды жайгаштыруу баасы 1 сом.

Белгилеп кетсек, 13-июнда «АБН» микрофинансылык компаниясынын 12,92% баалуу кагаздарынын ээлик кылуучулары алмашкан.