Чүй облусун газдаштырууга дээрлик 5 млн сом насыя берилди

25 декабря 2023, 13:02

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн 41 субъектиге 4,7 млн ​​сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Эске сала кетсек, 2023-жылы калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду түзөт.