Быйыл геологиялык иштерге 27,8 млн сом каралды

19 апреля 2023, 14:19

Ушул жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасынын пайдалануу департаментине 27,8 млн сом каралган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражат геология иштерин жүргүзүү, кызматкерлерге айлык төлөө, иш сапарлар, байланыш, транспорттук чыгымдар, чарбалык керектөөлөр, коммуналдык төлөмдү жана башкаларды төлөөгө жумшалат.