Свердлов районунун мектептерине ысык тамак берүүгө 50 млн сом бөлүнөт

16 ноября 2021, 13:36

Бишкек шаарынын Свердлов районунун билим берүү мекемелеринде 2022-жылы мектептерде ысык тамак уюштурууга 49 миллион 522,4 миң сом жумшалат. Тиешелүү кызматтарды сатып алуу үчүн аталган райондук билим берүү борбору тарабынан тендер жарыяланды.

Бул суммага 49 билим берүү мекемесинде мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо камтылган.

Бир мектеп окуучусунун күнүнө 14 сомдон тамагына бөлүнгөнү көрсөтүлгөн. Стандарттык меню сүт боткосу жана шорпо, палоо, макарон, чай же компот жана нандан турат. Бир балага түшкү тамактын орточо салмагы 430 граммды түзөт, анын 200 граммы чай/же компот.