Кыргыз-казак чек арасында 100дөн ашуун унаа топтолуп турат

2 июля 2021, 11:30

Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде унаалардын тыгыны байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары кадимкидей режимде иштеп жатат. Бирок 120дай жүк ташуучу унаа токтоп турат.

Жүк ташуучу унаалардын тыгыны жүк жүгүртүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу циклдик мүнөзгө ээ жана негизинен дем алыш күндөрү көбөйүүдө.

Чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн кыргыз тарапта эч кандай чектөө жок экендиги белгиленди. Жеңил унааларга жана жүргүнчүлөрдү ташууга чектөөсүз уруксат берилет. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрмө бекеттеринде адамдардын жана унаалардын тыгыны катталган жок.