Чек аранын кыргыз-казак тилкесинде 120дай жүк ташуучу унаа топтолуп турат

30 июля 2021, 12:30

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Ак-Тилек-автожол" өткөрмө бекетинде унаалардын тыгыны пайда болду. Чек арадагы көзөмөлдөн өтүү үчүн 120га жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, мунун себеби жүк ташуунун көбөйүшү менен байланыштуу. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны катталган жок.

УКМКнын чек ара кызматы жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан "Кең-Булуң-автожол" көзөмөл бекети аркылуу Казакстанга барса болоорун кошумчалады.