Ысык-Көлгө Ташкентен алгачкы учак келди

12 июля 2021, 15:30

«Ысык-Көл» аэропорту Ташкенттен туристтик мезгилдин алгачкы учагын тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун сайтына жарыяланды.

Эл аралык авиамаршрутту Ташкенттен Ысык-Көл облусуна Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, ал 40 жүргүнчүнү жеткирди.

Авиакомпания каттамды жумасына 1 жолу — жекшемби күнү жүргүзүүнү пландоодо.

Учуу убактысы - 1 саат 30 мүнөт.