Ысык-Көлдө 101,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

6 августа 2021, 10:00

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы 101,6 миллион сомдук жер тилкесин мамлекеттик менчикке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтү жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 1999-жылдын 31-мартында айылдагы "Каухар" пансионатынын жанында жайгашкан 10 гектар жер тилкесин Ш.Э. аттуу жаранга жеке менчикке бергени аныкталган.

Көрсөтүлгөн объектини мамлекеттик менчикке кайтаруу үчүн прокуратура сот органдарына доо арыздарын берген, алар бардык сот инстанцияларында канааттандырылган.

Учурда жер тилкеси прокурордун жооп актысынын негизинде мамлекеттин балансына кабыл алынды.