2019 - жылы капиталдык салымдарга дээрлик 2 млрд сом бөлүнгөн

14 января 2020, 17:10

2019-жылы капиталдык салымдарга республикалык бюджеттен 2 млрд 774 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү Самат Бөрүбаев маалымат жыйында билдирди. 

Анын ичинен: 

- 222 объектинин курулушуна 1997.2 млн сом; 

- 103 объектинин капиталдык ремонтуна 266.8 млн сом; 

- 73 объектиге суу чыгарууга 500 млн сом; 

 - социалдык объектилерди долборлоого 10 млн сом бөлүнгөн.