Токтогул ГЭС каскадын капиталдык оңдоп-түзөөгө 13,5 млн сом сарпталат
"Электр станциялары" ишканасы Токтогул ГЭС каскадын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.
Тендердин жалпы суммасы 13 млн 538 миң сомду түзөт, бюджет 12% кошумча нарк салыгын эске алуу менен көрсөтүлгөн.
Техникалык тапшырмага ылайык, келишим түзгөн топ келишимди түзгөн күндөн тартып бир жарым айдын ичинде ГЭСти оңдоп бүтүшү керек.