Президенттин иш башкармалыгы такталбаган объектке 6 млн сом жумшайт

2 июня 2023, 11:57

Президенттин иш башкармалыгы өлкө башчынын түштүк резиденциясын капиталдык оңдоого тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Тендердин жалпы суммасы 6 миллион 134 миң 529 сомду түзөт.

Бирок тендердик арызда карама-каршылык бар. Алсак, жумуш жасалчу жердин дареги катары президенттин Ош шаарында жайгашкан түштүк резиденциясы, ал эми иштерди калыптандыруу бөлүмүндө бала бакча оңдоого муктаж экени көрсөтүлгөн.