Кийинки жылы капиталдык салымдарга 13 млрд сом бөлүү пландалууда
Каржы министрлиги келерки жылы капиталдык салымдарга 13 миллиард сом бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын бюджетинде азырынча 3 миллиард сом гана каралса, капиталдык салымдарга кошумча дагы 10 миллиард сом бөлүү мүмкүнчүлүгү бар.
Министр депутаттарга 2022-жылдын бюджетинде да адегенде капиталдык салымдар үчүн 3 миллиард сом каралса, бүгүнкү күндө бул максаттарга бөлүнгөн каражат 17 миллиард 400 миллион сомго чейин көбөйгөнүн маалымдады.