Казак-орус чек арасында Кыргызстан менен Казакстандын 400 жүк ташуучу унаасы топтолуп турат

18 ноября 2021, 08:59

Казак-орус чек арасынын Самара облусу (Черниговка айылы) багытындагы Сырым-Маштаков өткөрмө бекетинде 400дөй жүк ташуучу унаа топтолуп калды. Бул тууралуу “Акчабарга” ишкер Авазбек Керимбаев билдирди. Анын айтымында, оор абалга туш болгон айдоочулар ага кат жазышып, жардам сурап кайрылышкан.

"Алар мага жазышып, WhatsAppка видео жөнөтүштү. РФ Бажы кызматынын мобилдүү топтору Кыргызстан менен Казакстандын жүк ташуучу унааларын эч кандай түшүндүрмөсүз кармап жатышат. Мындай абал жекшембиден бери болуп жатат. Чек арадагы бардык кыймыл токтотулду, биздин айдоочулардын көбү Черниговка айылындагы унаа токтотуучу жайдан жыла албай жатышат, ал жерде жүк ташуучулар көбүнчө эс алуу үчүн токтошот”, - дейт Авазбек Керимбаев.

Айдоочулар кыргыз бийлигин кырдаалга көңүл буруп, орусиялык бажычылардын мындай мамилесинин себебин түшүнүүнү суранышууда. 

Кошумчалай кетсек, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын арасында мобилдик топтун рейди жасалма эл керектөөчү товарларды аныктоого байланыштуу деген кеп бар.