КФБда «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын акциялары арзандады

26 июня 2023, 14:07

Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү сооданын жүрүшүндө “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын 224,8 миң сомго жөнөкөй акциялары сатылды.

Буга чейин экинчи рынокто 170 миң сомдук акциялар сатылган. Белгилеп кетсек, акциялардын наркы 0,5%га төмөндөп, 744,5 сомго жеткен.

КФБда сооданын жалпы көлөмү 366,9 миң сомду түздү (өткөн жуманын аягына салыштырмалуу 77,8%га азайган), анын негизги бөлүгү “Манас” эл аралык аэропорту” ААК акциялары менен бүтүмдөр менен камсыздалган.

КФБ боюнча калган бүтүмдөр “Айчүрөк” борбордук универсалдык дүкөнүнүн жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялары менен (жалпысынан 142,1 миң сом) жүргүзүлгөн.