«Евразия сактык банкынын» дагы 3% акциясы сатылды

19 декабря 2022, 10:03

Жума күнү, 16-декабрда Кыргыз фондулук биржасында "Евразия сактык банкынын" 3% акциясы сатылды. Мындай маалыматтар биржанын сайтында жарыяланды.

Банктын баалуу кагаздары менен эки бүтүм жасалган: белгисиз сатып алуучулар жалпы эсеби 435 миң 145 бирдикти түзгөн эки акция пакетин (жалпы блоктун 3%ы) бир акцияга 21 сомдон сатып алышкан.

Бүтүмдөрдүн жалпы номиналдык баасы 9 миллион 138 миң 40 сомду түздү.

Эске салсак, буга чейин 2-декабрда 1 миллион 413 миң 484 акция “Альфа Телеком” ЖАКтын (MEGA соода маркасы) карамагына өткөн. Бул банктын уставдык капиталындагы 9,42%ды түзөт.

Белгилеп кетсек, 76,6% үлүшү бар банктын негизги акционери Санариптик өнүктүрүү министрлиги болуп саналат. Соодага чейин калган акциялар Алтынай Асанова (9,42323% акция), "Жыйырма бешинчи Кадр" ЖАКка (3,33333%), Мадина Мухамеджановага (Казакстан Республикасынын жараны) (2,90097%), Сергей Толкачевге (6,846%) бөлүштүрүлгөн.