Мбанктын 57 миңге жакын акциясы сатылды

2 марта 2023, 16:21

Бүгүн Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Коммерциялык банк Кыргызстан” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен 10 бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Аукциондун жыйынтыгында 56 миң 798 даана акция 397 миң 586 сомго сатылды. Акциянын баасы 7 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, 2-февралдагы аукционго салыштырмалуу акциялар дээрлик 13% кымбаттады.