Кыргыз фондулук биржасында мамлекеттик векселдер боюнча аукцион өтөт

14 июня 2023, 16:40

Эртең, 15-июнунда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Эмиссиянын көлөмү 60 миллион сомду түзөт.

Эске салсак, буга чейин КФБда 449,5 миң сомго 12 айлык мамлекеттик казына векселдери сатылган.