Кыргыз биржа фондусунда ноябрь айындагы эң ири келишим түзүлдү

19 ноября 2020, 09:00

Бир жума ичинде «Авторемонт заводунун» акциясы 36 млн сомго жайгаштырылды. Ар бир акциянын баасы 100 сомго бааланды. Бул ноябрь ичиндеги эң жогорку көлөмдөгү акциялардын бири болду,- деп маалымдайт Кыргыз биржа фондусунан. 

Жалпысынан соода аянтчада жума аягында 13 компания арасында баалуу каздар менен 40.7 млн сомго түзүлгөн 32 келишим катталган. 

Сооданын жалпы көлөмү корпоративдик секторго туура келген. Мунун башкы себеби катары «Авторемонт заводунун» жөнөкөй акциялары болгон. 

Кошумчалай кетсек, экинчи рынок секторунда 0.4 млн сомго 25 келишим түзүлгөнү катталган.