Кыргыз фондулук биржасында алтын сатуу боюнча биринчи бүтүм жасалды

21 октября 2022, 10:38

Кыргыз фондулук биржасынын баалуу металлдар секторунда Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын өлчөнгөн куймаларын сатуу боюнча биринчи бүтүм ишке ашырылды. Маалымат аукциондун жыйынтыгы бөлүмүндө жеткиликтүү.

Бүтүм Улуттук банктын эки грамм салмактагы куймасын сатуу боюнча ишке ашырылган. Анын суммасы 11 миң 489,5 сомду түздү. Сатып алуучу “Акчабар” редакциясы болду.

“Бүгүн биз Кыргыз фондулук биржасынан биринчи алтын куймасын сатып алдык. Ошентип, биз баалуу металлдар секторун биржага чыгарууну колдоону чечтик. Бул тармактын өнүгүшүнө түрткү болот деп ишенебиз”, - деди “Акчабар” ЖЧКсынын башкы директору Нурдин Султамбаев.

Кошумчаласак, баалуу металлдар сектору Кыргыз фондулук биржасында ушул жылдын 15-сентябрында ишке кирген.