2 айда медицина кызматкерлерине 132,3 млн. сом бөлүндү

16 июня 2020, 12:40

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен медициналык кызматкерлердин эмгек акысына 132,3 млн. сом сарпталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

 

 

«Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу, коронавирус илдети менен ооругандарды дарылоо жана алар менен контактта болгондорго байкоо жүргүзүү менен байланышкан иш-чараларды ишке ашырууда ишке тартылган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн апрель жана май айларында ММК фондунун бюджетинен 132,3 млн. сом сарпталды. Эки айда 13040 медициналык кызматкер компенсациялык төлөмдөрдү алышты», - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева маалымдады.