Россияда турак-жайга алданган жарандарга компенсация төлөнөт

8 января 2020, 09:36

2020 - жылы Россиянын Федералдык Фонду турак-жай куруучу компанияларга алданган кардарларга каржылык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазып чыкты. 

Фонд 40 миң кардардын маселесин чечип берүүгө жана 65 млрд рубль бөлүүгө убада берди. 

Официалдуу берилген маалымат боюнча, учурда Россияда жалпысынан 3.1 миң объектинин ээлери 340 миң кардарды алдап кеткен.