Мамлекет коммуналдык кызматтарга 1,7 млрд сомдон ашык жумшады

14 ноября 2022, 13:14

Мамлекеттик мекемелердин коммуналдык кызматтарына бюджеттен 2 миллиард 960 миллион сом каралды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-ноябрына карата жалпы суммадан 1 млрд 733,6 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен:

• электр энергиясы үчүн төлөөгө – 1 млрд 444,7 млн сом;
• жылуулук энергиясына – 265,4 млн сом;
• жаратылыш газын төлөөгө – 23,5 миллион сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, бюджеттик мекемелерге көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 270,7 млн сом каралса, анын 237,3 млн сому бөлүнгөн.

Ошондой эле, электр энергиясын импорттоого, отун сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, Бала-Саруу ГЭСин курууга 11 миллиард 117,5 миллион сом бюджеттик насыя бөлүнгөн. Анын ичинен бүгүнкү күндө 7 миллиард 540 миллион сом берилди.