Стартап боюнча сынакка 300 долбоор жиберилген

4 февраля 2020, 14:25

1 - февралда Кыргызпатент тарабынан өткөрулгөн респрубликалык «Стартап Кыргызстан» сынагына арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жалпысынан конкурска 320 арыз кабыл алынган, анын ичинен 317 - физикалык жактардан, 3 - юридикалык жактардан келип түшкөн. Белгилей кетсек, экономиканын бардывк секторлорунан чекутөөсуз кабыл алынган. Кабыл алынган ар бир стартап 500 миң сомго чейин каржыланат. 

Сынакка катышуучулардын 43% Бишкек шаарынын тургундары болгон. Долбоорлордун 48% өндүрүш жана айыл-чарба, 26 % ар түрдүү кызмат көрсөтүүчү тармакка багытталган.

Сынактын финалы 21 - апрелде, Эл аралык инновация күнүндө өткөрүлөт. Бул күнү стартапчылар өздөрүнүн долбоорлорун көз карандысыз калыстарга көрсөтө алышат.