«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин иши убактылуу токтотулат

5 марта 2024, 12:08

Эртең, 6-мартта саат 9.00дөн 14.00гө чейин "Ак-Тилек" пунктунда адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мунун себеби "Кыргызтелеком" ААК байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштардын жүргүзүлүүсүнө байланыштуу.

Мындан улам, Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан жол жүрүү багытын жана убактыларын алдын ала пландаштырып алууларын суранат.

Белгилеп кетсек, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан башка чек ара өтмөктөрү штаттык режимде иштейт.