«Достук» өткөрмө бекетинде электрондук кезек системасы киргизилиши мүмкүн

20 февраля 2023, 13:28

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде электрондук кезек системасы киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Пилоттук долбоор ишке ашса, тараптар чек арада электрондук кезек киргизген Борбор Азиядагы биринчи өлкөлөр болуп калат.

Белгилеп кетсек, Ош облусундагы "Достук" чек ара бекетинде жөө жүргүнчүлөрдүн узун кезеги көп болот.