«Достук» өткөрмө бекетинде жүргүнчүлөрдү ташуу 34,1%га өстү

29 августа 2022, 09:23

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде жайгашкан “Достук ” өткөрмө жайы 28-августтан тарта штаттык режимде иштеп жатканын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Учурда аталган өткөрүү пункту реконструкциялангандан кийин жүргүнчүлөрдүн өтүүсү 14,5 миңден 22 миң адамга (34,1%) көбөйдү.

“УКМКнын Чек ара кызматы чек арадан өтүп жаткан адамдарды өткөрүү пунктунда чек ара режимин сактоого, жаңы курулуп жаткан комплекстин мүлкүнө кам көрүүгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырат”, - деп айтылат маалыматта.