Кумтөрдө мындан ары тышкы башкаруу болбойт

25 августа 2022, 12:13

Кумтөр кенинде тышкы башкаруу режими токтотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон документте айтылат. Анын тексти “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын сайтында жарыяланды.

Кошумчаласак, документте “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдинги жана Теңиз Бөлтүрүк эки жуманын ичинде өкмөткө өз ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу отчет бериши керектиги белгиленген.

 

Эске салсак, Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдын 17-майынан бери аталган кендин тышкы менеджери кызматын ээлеп келген. Минкаб 2022-жылдын 23-августунда Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын, ага байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан алынганын билдирген.