Кыргыз-казак чек арасында унаалардын топтолушу уланууда

13 января 2022, 16:25

Бүгүн, 13-январда “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезек күтүп Кыргызстандан Казакстанды көздөй 70 чактыдай оор жүк ташуучу унаа турат. Бул тууралуу  УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, кыргыз тараптан оор жүк ташуучу унаалар чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок.

“Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок”, - деп маалымдашты Чек ара кызматынан.

Ошолдой эле, Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.