Кыргыз-тажик чек арасында 1,5 млн сомдук аткезчилик кармалды

27 декабря 2021, 14:57

Баткен облусунун Лейлек районунда 24-26-декабрь күндөр аралыгында мамлекеттик чек арасында аткезчилик товарларга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Сөз Кыргызстандан Тажикстанга 250 рулон кездеме жана бир нече боолонгон кийим экспорттоо аракетине байланыштуу болууда. Жүктүн биринчи партиясы 24-декабрда, экинчиси 26-декабрда чек арачылар тарабынан кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүң жалпы наркы 1,5 млн сомго бааланган.

“Эки учурда тең тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң айдоочулар жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп маалымдады Чек ара кызматынан.