Кыргызстанда сарыкты дарылоого 97 млн сомдон ашык каражат жумшалат
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык СПИД борбору сарыкты дарылоо үчүн дары-дармек сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 97 миллион 797 миң сомду түзөт.
Акча үч дары сатып алууга жумшалат:
- Софосбувир — 54 миллион сом;
- Энтекавир — 24,3 миллион сом;
- Тенофовир дизопроксил фумараты – 19,4 млн.