Ош жана Жалал-Абаддагы аэропорттордун ордуна көп кабаттуу үйлөр курулат

1 мая 2023, 17:12

Бүгүн, 1-майда президент Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты.

Маалыматка ылайык, жаңы аэропорттор бардык стандарттарга жооп берген жаңы аянттарда курулат. 

“Ош жана Жалал-Абад шаарларында эски аэропорттордун ордунда аймакты комплекстүү өнүктүрүү керек. Заманбап турак-жай кичи райондору курулат. Иштеп жаткан Ош эл аралык аэропортунун жалпы аянты 168 гектарды, ал эми Жалал-Абад аэропортунун аянты 78,2 гектарды түзөт”, - деп белгилешти президенттик аппараттан.

Аталган аймактарда көп кабаттуу үйлөрдө тургузулган батирлер жарандарга МИК аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.