Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын ордуна кичи район курулат

25 января 2023, 10:38

Бишкектеги мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул максаттарга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландалууда. Ошондой эле каржы ресурстарын тартуу боюнча донорлор менен иштешүү уланууда. Турак жай жарандарга "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасы аркылуу берилет.