Банктар аралык соодада банктар 100 млн доллардан ашык сатып алышты

11 января 2023, 09:26

Кечээ коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодасында 105 миллион 350 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.  

Бүтүмдөрдүн негизги бөлүгү бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жөнгө салынган. Аукциондо доллардын баасы өткөн жылдын 20-декабрындагы деңгээлинде — 85,68 сом болгон.

Белгилеп кетсек, Улуттук банк бул жылдын эсебинен алгачкы валюталык интервенция жасап, 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарды.