Банктар аралык соодада доллар бир аз кымбаттады

9 июня 2022, 09:53

Банктар аралык валюта тооруктарында Кыргызстандын коммерциялык банктары долларды 79,52 сомдук ачылыш курсу менен сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жабуу курсу 79,5 сомду түздү. Бул 79,5 сом (ачуу жана жабуу) 2022-жылдын 2-июнунан бери сакталып келет. АКШ доллары 0,02% жогорулады.

Жалпысынан 8-июнда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 3,8 миллион доллар сатып алышкан.