Ирригациялык тармактарды жаңылоого 800 млн доллар керектелет

31 мая 2023, 09:46

Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банктын эсептөөлөрү боюнча ирригациялык тармактарды модернизациялоого 800 млн. долларга жакын, шаарларды жана айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 400 млн. долларга жакын каражат керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу форумунда билдирди.

Анын айтымында, Борбордук Азиянын суу ресурстарынын 40%ы Кыргызстанда топтолгон.

“Ушуга байланыштуу биз коңшуларыбызды суу менен камсыз кылуу үчүн ресурстарды туура пайдаланышыбыз керек. “Камбар-Ата” ГЭСинин курулушу бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири болот. Бүткүл дүйнөлүк банк сыяктуу өнөктөштөрүбүздүн колдоосунун аркасында суу көйгөйүн чече аларыбызга ишенем”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.